Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын эсептешүү агенттерине карата минималдуу талаптар боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу, анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон жактардан сунуштарды кабыл алуу тууралуу билдирет.  

 

1. Проблемалар жана негиздер.  

Ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу ченемдик актыларды өркүндөтүүгө жана аларды «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты  төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүдө өз убагында өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн эсептешүү агенттерине минималдуу талаптарды белгилөө

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тобокелдиктерин минималдаштыруу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү

Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу алгылыксыз кесепеттерге алып келбейт.  

 

5. Ишкердик субъекттери - жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталган жөнгө салуу субъекттери кошумча сарптоолорго учурабайт. 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо.  

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:   

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

 

- электрондук почта аркылуу 

azmambetalieva@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2022-жылдын 9-ноябрынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2022-жылдын 16-ноябрынан кечиктирбестен