Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 26-октябрында улуттук жана/же чет өлкө валюталарында «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна лицензия берүү чечимин кабыл алгандыгын маалымдайт.