Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 30-31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарына барган иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук банкынын ортосунда банктык көзөмөл, финансылык инновациялар жана төлөм системалары жаатында тажрыйба жана маалымат алмашуу тууралуу борбордук банктардын иши тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.