Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда ишин баштады 

 

Эл аралык Валюта Фондунун Николоз Гигинеишвили башында турган (ЭВФ) миссиясы 2022-жылдын 9-ноябрынан 22-ноябрына чейин Кыргыз Республикасында расмий иш сапар менен болот. 

ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты ЭВФ Макулдашуусунун IV статьясына ылайык Кыргыз Республикасы үчүн консультацияларды өткөрүү болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. 

Визиттин биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев ЭВФ командасы менен жолугушуусун өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абалды, тышкы жана банк секторун, ошондой эле тиешелүү саясат чараларын талкуулашты.