Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттери токтотулду.
1. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 21-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү 150, «Аю Гранд Комфорт» соода борбору, №С101/1 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Бермет Гранд» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 1-июлундагы № 6315 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, №29/2 кеңсеси дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Жетиген трейд» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 8-июнундагы № 6301 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ТС Финанс» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2021-жылдын 29-декабрындагы № 6249 лицензиясы.
2. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 16-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 95 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Красная Звезда Кей Джи» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6389 лицензиясы.
3. 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып 26-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 144/1 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Интегро Ко» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 6391 лицензиясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2022-жылдын 12-ноябрынан тартып ЖЧК «Экспо мани» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6393 нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынды.