Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына көмөк көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» токтомун аткаруунун алкагында, финансы-кредит уюмдары (мындан ары - ФКУ) банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатышат.  

ФКУдан алынган маалыматтар боюнча 2022-жылдын 10-ноябрына карата ФКУга 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 370 миң сом суммасында 280 кредит эсептен алынып салынган, 28 836 миң сом суммасында 138 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.