Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтомдун долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталынын «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 17-декабрынан кечиктирбестен talamanova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.