Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулар боюнча финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) кардарларына колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (НПА) токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзүп турат.  

2022-жылдын 24-ноябрына карата абал боюнча ФКУга 474 карыз алуучу кайрылган, 19 538 миң сом суммасында 287 кредит эсептен чыгарылган жана 36 487 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган. 

Учурда ФКУ жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды кабыл алышат.