Глобалдуу акча жумалыгы – 2023 иш-чарасынын алкагында, «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине, «Новатор» жана «Эврика» атындагы жеке менчик мектептеринин окуучуларына «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети», «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Улуттук валютанын коргоо белгилери» жана «Финансылык сабаттуулук» боюнча лекциялар уюштурулду. Келген окуучулар менен студенттер уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттар менен башкармалыктын музейинде таанышып чыгышты.
Мындан тышкары Глобалдуу акча жумалыгы – 2023 алкагында Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинин студенттерине «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети» темалары боюнча атайын көчмө лекциясы өткөрүлдү.