Түзүлгөн күнү: 2023-10-09
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун (мындан ары – мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg). жайгаштырылган.
Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын 8-ноябрынан кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.