Түзүлгөн күнү: 2023-10-13
Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 10-11-октябрь күндөрү Ош шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Бизнес ассоциациясынын Түштүк региону боюнча (JIA) кызматкерлери жана Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери катышкан тренинг болуп өттү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалыматтар берилди.