Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору системалуу мааниге ээ коммерциялык банктардын суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) маанисин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүүгө багытталган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.