Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар төлөм инфраструктурасынан жана банктык кызматтардан пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2025-жылдын 9-июлунда № 2025-П-14/33-2-(ПС) «Кыргыз Республикасындагы обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. 

Токтомго ылайык, коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, банк жана төлөм кызматтарын көрсөтүүчү башка юридикалык жактар өз мобилдик тиркемелерин, банкоматтарын жана төлөм терминалдарын токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга ыңгайлаштырууга тийиш. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү дарек боюнча жайгаштырылган: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө/ Банк мыйзамдары/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору.