Кыргызстанда инфляциялык басым сакталып жатат - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайыздан 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Улуттук банк Башкармасынын 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алынгандыгын, басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымдады.  

Анын айтымында, тышкы факторлор сыяктуу эле, ички факторлордон улам, инфляциялык басымдын күчөшүн эске алуу менен эсептик ченди жогорулатуу аркылуу, мындан ары инфляциянын жана акча алмаштыруу курсунун басымын төмөндөтүүгө шарт түзүлөт. 

үндө керектелүүчү товарлардын баасынын өсүшү уланып жатат. 14 күндүн ичинде керектелүүчү баалар 1,5 пайызга өстү. Сомду алмаштыруу курсунун басымы сакталып турат. Жыл башынан бери топтолгон инфляция 8,4 пайызды, жылдык мааниде алганда 9,7 пайызды түзгөн. Биздин эсептөөлөр боюнча, көбүнчө монетардык эмес тышкы факторлордон улам, инфляция дагы өсүшү мүмкүн. Тагыраак айтсак, биздин өлкөбүз сыяктуу эле, импорттолуучу- өлкөлөрдөгү тарифтин жогорулашы, айрым азык-түлүктүн түрүнө болгон баанын өсүшү, айыл-чарба көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө байланыштуу болот. Улуттук банк өлкөнүн жана анын чегинен сырткары болуп жаткан учурдагы кырдаалды дайыма көзөмөлдөп турат"- деп билдирди төраганын орун басары. 

 

Н.Жеңиштин сөзүнөн кийин, журналисттердин Улуттук банк өкүлдөрүнө суроо берүүгө мүмкүндүк түзүлдү. Биринчи кезекте, аларды эсептик чендин жогорулоосу карапайым калктын күнүмдүк турмушуна, өлкөнүн экономикасына, банктардагы жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердеги пайыздык көрсөткүчтөргө кандай таасир этээри кызык болду. Ошондой эле, валюталык рынок, Улуттук банк жүргүзүп жаткан интервенция, акча которуулардын динамикасы жана башка суроолор берилди.  

 

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары валюта рыногундагы абал турукташып калгандыгын баса белгиледи. "Жыл башынан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жалпысынан 390 млн доллар өлчөмүндөгү 39 валюталык интервенция жүргүздү. Айта кетсек, ноябрь айында 44,9 млн. доллар, октябрда -56,6 млн. доллар интервенция болду. Азыркы учурда алтын валюталык камдын көлөмү 2 млрд. 20 млн. долларды түзөт"- деп билдирди ал. 

 

Акча которуу темасына токтолуп жатып, Н.Жеңиш, 2014-жылдын 9 айында акча которуунун доллардык эквивалентиндеги таза агымы 2 пайызга өскөндүгүн кошумчалады.  

 

Басма сөз жыйынына ушундай эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын башчысы Сейилбек Урустемов жана акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Раушан Сейткасымовалар катышышты.