Улуттук банк “Тоодак” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 15-июнунан тартып “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясынан “10 сом” номиналындагы жаңы “Тоодак” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.  

 

Улуттук банктын жаңы эстелик монетасынын бет ачаарына арналган пресс-конференцияда Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Медина Ашыралиева “Тоодак” монетасы “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясын толуктай тургандыгын белгиледи. Монета 3 000 тираж экземплярында Казакстандын зерканасында чыгарылган. Монетанын баасы- 2000 сом.  

 

Сейрек кездешүүчү тоодак кушунун көркөм кооз келбети монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Мында түстү өзгөртүү технологиясы колдонулган. Куштун элесин айланта түшүрүлгөн чөптөр алтын түстө чагылдырылган. Алдыңкы бетте ошондой эле, “Тоодак” деп монетанын кыргызча аталышы, бул түрдүн «Otis tarda» деген латынча аталышы жана монетанын номиналы берилген. 

Монетанын арткы бетинде “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын аталышы, жаныбарлар дүйнөсүнүн сүрөттөлүшү, Кыргыз Республикасынын герби жана монетанын чыккан жылы түшүрүлгөн, деп түшүндүрдү эксперт. 

 

“Улуттук банктын коллекциялык монетасын чыгаруунун негизги максаты Кыргызстандын жаратылышын, бай жаныбарлар дүйнөсүн жана өсүмдүктөрүн популяризациялоо максатында чыгарылган”, - деп белгиледи М. Ашыралиева.  

 

Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти Эмил Курманалиев 1995-жылдан тартып Улуттук банк тарабынан 51 коллекциялык монета чыгарылып, анын ичинен 10 жез-никель, бирөөсү мельхиор, үчөө алтын жана 37 күмүш . Ушул жылы “Тарыхый окуялар” сериясынан “Улуу Жеңишке 70 жыл” жана “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясынан “Тоодак” коллекциялык монеталары чыгарылды.  

 

“Республикада жылдын-жылга нумизматикалык монеталарга болгон кызыгуу артып барат. Күмүш монеталарынын орточо тиражы бир жарым жумадан 3 жылга чейин, жез-никель бир жумадан 2 айга чейинки убакта сатылат ”, - деп кошумчалады ал.  

 

Коллекциялык монетанын мүнөздүү өзгөчөлугү

Монетанын аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(проба) 

Кошумча технологиялар 

Салмагы 

Диаметри 

Сапаты 

Нускасы  

(даана) 

«Тоодак» 

 

10 сом 

Күмүш 925° 

Түстү өзгөртүү ыкмасы, алтын жалатуу 

 

28.28 г 

38.60 мм 

“proof” 

3 000 

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласында жайгаштырылган жана сапаттык сертификаты тиркелип, өзүнчө кутучаларга салынган.