Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» темасын чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында сынак жарыялайт 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы -сомду жүгүртүүгө чыгаруунун 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл» темасын мыкты чагылдыруу боюнча журналисттер арасында  республикалык сынак өткөрүп жаткандыгын жарыялайт.   

Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, калайык-калктын улуттук валюта темасына кызыгуусун арттыруу, басма сөз жана электрондук маалымдоо каражаттарында жарыялоолор аркылуу кыргыз сомунун аброюн жогорулатуу маселесине көңүл буруу максатында өткөрүлүүдө

Сынакта борбор калаанын сыяктуу эле, регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган мыкты материалдар үчүн номинациялар каралган.   

Бир эле автордон сунушталуучу материалдар саны жана көлөмү боюнча чектөөлөр белгиленген эмес. 

Сынакка сунушталуучу материалдар 2018-жылдын 9-апрелинен 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында жарыяланууга же телеберүүдөн көрсөтүлүүгө тийиш.  

Сынакка катышууга ниеттенген талапкерлер атайы билдирмени толтуруп, ага сынактык материалдарды кошо тиркеп, документтер топтомун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Чүй проспектиси 168 дареги боюнча жайгашкан имаратына (Экспедиция) "ЖМК арасында сынакка катышуу" деп белгилөө менен тапшырууга тийиш.   

Байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар каралган.  

Сынак жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү Улуттук банктын Төрагасынын катышуусунда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат.   

Бул боючна ырааттуу толук маалыматты төмөндөгү шилтемеден алууга болот.