Улуттук банк банк ишин жөнгө салуу маселелери боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорун коомдук талкууга чыгарууда. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 “Банктарда төлөм багытын эсепке алуу жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу боюнча эсептер планы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобо. 

Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсүн өтүнөбүз.