Ош жана Баткен областтарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын 15 жараны административдик жоопкерчиликке тартылды (М.И.А., К.Ш.С., Э.А.Э., Г.Р.З., К.К.К., А.К.А., Б.С.Р., Б.С.Т., Р.Э.Т., У.А.Х., Б.Б.С., К.Б.Э., А.Н.А., К.М.М. жана Э.Б.А.) Айыптык төлөмдүн жалпы суммасы 1,5 млн. сомду түздү