Улуттук банк Ардак грамота менен сыйланды 

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (мындан ары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия), 2018-жыл ичинде Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик тилдин банк жана финансы секторунда колдонулушуна, адабий тил нормасынын сакталышына, ошондой эле мамлекеттик тилди билүү боюнча кызматкерлерге окуу уюштурулганына мониторинг жүргүзгөн.  

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын 2018-жылдын 8-октябрындагы №67 буйругуна ылайык, Улуттук банк мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды.  

2018-жылдын 5-декабрында Ардак грамота менен сыйлоо аземинде Улуттук банктын төрагасы Т.С.Абдыгулов мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагында Улуттук банктын алып барган иш-аракеттерине жогорку баа бергендиги үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга ыраазычылык билдирди.