Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы айыл чарбасын өнүктүрүүгө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоону сунуштоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөр долбоорун коомдук талкууга чыгарат.
Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредиттик уюмдар колдонгон операциялар тизмеси чектелген болуп саналгандыктан, финансы-кредиттик уюмдар үчүн бул ислам каржылоо принциптери изилдөө жана тажрыйбада колдонуу үчүн дале жаңы чөйрө болуп эсептелинет.
Ушуга байланыштуу бул долбоор финансы-кредиттик уюмдар үчүн өлкөнүн айыл чарбасынын ар кандай багыттарын каржылоодо ислам финансылык продукттарын пайдалануу боюнча кыскача колдонмо түрүндө иштелип чыккан.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар долбоор боюнча пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.