Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын 6-12-февраль күндөрү  

финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинарларды өткөрүүдө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо» жөнүндө жарлыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Улуттук банк "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому жана Эл аралык кызматташуу боюнча Германия сактык кассалары фонду менен биргеликте, «Финансылык сабаттуулук кербени» деп аталган маалымат берүү, түшүндүрүү иш-чарасын кеңири масштабда өткөрүүдө.  

Семинар учурунда катышуучулар Улуттук банктын аткарган иши, экономикадагы ролу тууралуу кеңири маалымат алып, банк жана микрофинансы кызматтарынан пайдалануучулардын укуктарын коргоо жөнүндө, ошондой эле финансы кызматтарын санариптештирүү жана нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү тууралуу маалымдар болушат. 

Көчмө семинарлар өтүп жаткан жылдын 6-8-февраль күндөрү Чүй, Ысык-Көл жана Талас областтарынын шаарлары менен айылдарында өтөт, ал эми 11 жана 12-февраль күндөрү Нарын, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарында өтөт.