Кыргыз Республикасынын негизги макроэкономикалык параметрлерине коомчулук тарабынан кызыкчылык артуу жогорулаганын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2018-жыл жыйынтыгы боюнча кыскача макроэкономикалык маалыматты сунуштайт. 

 

 

2018-жылды Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги өнүгүү көрсөткүчтөрүн алгылыктуу жыйынтыкка ээ болгон катары мүнөздөөгө болот. Өлкөнүн ички дүң өнүмү 3,5 пайызга өсүп, номиналдык мааниде 557,1 млрд. сомду түзгөн. 2017-жылы өсүш 4,7 пайыз чегинде катталган. “Кумтөрдү” эске албаганда, ички дүң өнүмдүн өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде калыптанган, ал эми 2017-жылы өсүш 5,1 пайызды түзгөн. Кароого алынган жыл ичинде өсүшкө экономиканын бардык негизги секторлорунда өндүрүштүн жогорулоосу оң таасирин тийгизген, айрыкча жылдын акырында “Кумтөр” жана курулуш сектору олуттуу салым кошкон. Ошондой эле ички рынокто суроо-талапка түрткү берген акча которуулардын агылып кириши да кыйла салым кошкон. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча которуу системалары аркылуу жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы өткөн жылга салыштырмалуу 5,5 пайызга жогорулап, 2 143,0 млн. АКШ долларын түзгөн.  

Өлкө ичинде сыяктуу эле, өлкө чегинен тышкаркы да алгылыктуу орточо инфляциялык жагдай жылдык төмөн инфляцияны шарттаган, ал Улуттук банктын максаттуу көрсөткүчүнөн ашкан эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2018-жылы инфляция жылдык мааниде 0,5 пайызды (2018-жылдын декабрь айы/2017-жылдын декабрь айы), ал эми орточо жылдык инфляция 1,5 пайызды түзгөн. 2018-жылы катталган төмөн инфляция, негизинен, азык-түлүк товарларына төмөн баа менен шартталган. Мында, кароого алынган жыл ичинде тамекиге жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалар орточо арымда өскөн.  

Бюджет-салык секторунда да жагдай жакшыргандыгы белгиленген. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 6,4 млрд. сом же ИДӨгө карата 1,1 пайыз чегинде катталып, 2017-жылдагы ИДӨгө карата 3,1 пайызга төмөндөгөн. Операциялык ишкердиктен мамлекеттик бюджеттин кирешелери 2017-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 1,3 пайызга жогорулап, 151,5 млрд. сомду же ИДӨгө карата 27,2 пайызды түзгөн. Ал эми мамлекеттик бюджеттин операциялык ишке чыгашалары 3,3 пайызга жогорулап, 129,1 млрд. сомду же ИДӨгө карата 23,2 пайызды түзгөн.  

Ички суроо-талаптын орточо өсүш арымынын сакталып турушу жана Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндөгү экономикалык жигердүүлүк өлкө ичинде соода жүгүртүү көлөмүнүн өсүшүн шарттаган. Улуттук банктын кошумча баа берүүлөрүн эске алганда, Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 6 409,6 млн. АКШ долларын түзгөн, бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө караганда 6,6 пайызга жогору. Мында отчеттук мезгилде товарлар экспорту 0,1 пайызга өсүп, 1 815,2 млн. АКШ долларын түзгөн (Улуттук банктын кошумча баа берүүлөрүн эске албаганда экспорт өткөн жылдагы деңгээлде сакталып, 1 764,6 млн. АКШ долларын түзгөн), ал эми товарлар импорту (ФОБ баасында) 9,5 пайызга жогорулоо менен 4 594,4 млн. АКШ доллары деңгээлинде түптөлгөн. Натыйжада, республиканын соода балансынын тартыштыгы 16,6 пайызга өсүп, 2 779,2 млн. АКШ доллары чегинде катталган. 

Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясаты өлкөдө 2018-жыл ичинде баалардын туруктуу сакталышын камсыз кылган. Акча-кредит саясаты орто мөөнөттүү келечекке каралган акча-кредит саясатынын негизги багыттарына ылайык жүргүзүлгөн, туруктуу негизде макроэкономикалык жагдайдын өнүгүү тенденциясы жана инфляцияны болжолдоо боюнча маалыматтарга жараша эсептик чен өлчөмү жөнүндө чечимдер кабыл алынган. Отчеттук жылдын май айында Улуттук банк Башкармасы Улуттук банктын эсептик ченин 5,00 пайыздан 4,75 пайызга чейин бир жолу төмөндөтүп, ал 2018-жылдын акырына чейин сакталган. Ошону менен бирге пайыздык чендин төмөн чеги 0,25 пайыздан 0,75 пайызга чейин ноябрь айында жана 1,50 пайызга чейин декабрь айында жогорулатылган, ал эми жогорку чеги 6,25 пайыздан 6,00 пайызга чейин май айында төмөндөтүлүп, ал жылдын акырына чейин өзгөрүүсүз калтырылган. Акча-кредит саясатынын чаралары кыйла “узун акчалардын” баасын да түптөгөн Улуттук банктын акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендерине таасирин жогорулатууга багытталган, бул Улуттук банкка кароого алынган мезгил ичинде өлкө региондорун өнүктүрүүнү кошо алганда, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын каржылоо мүмкүнчүлүгүн берген. 

Байкоого алынган мезгил ичинде АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсунун салыштырмалуу туруктуу динамикасы байкалган. АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2018-жылдын январь-декабрь айларында 1,5 пайызга 68,8395 сомдон 69,8500 сомго чейин өскөн. Кароого алынган мезгил ичинде Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, АКШ долларын сатуу жана сатып алуу боюнча интервенцияларды жүргүзгөн. Жыйынтыгында, таза сатуу 147,70 млн. АКШ долларын түзгөн.  

2018-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча эл аралык камдар көлөмү жыл башынан 21,0 млн. АКШ долларына же 1,0 пайызга төмөндөө менен, 2 155,5 млн. АКШ долларын түзгөн. Мында дүң эл аралык камдар көлөмү отчеттук мезгилдин аягына карата товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импортунун келечектеги көлөмүнүн 4,5 айынын ордун жапкан. 

Банк секторунда депозиттик базанын көлөмү 2018-жылдын башталышынан тартып 9,5 пайызга жогорулап, 2018-жылдын акырына карата номиналдык мааниде 133,1 млрд. сомду түзгөн. Мындай өсүш улуттук валютадагы депозиттер көлөмүнүн жыл башынан тартып 16,9 пайызга, же 74,6 млрд. сомго жана чет өлкө валютасындагы депозиттердин 1,3 пайызга, же 58,5 млрд. сомго чейин өсүшүнүн эсебинен болгон. 2018-жыл ичинде улуттук валютада жаңы кабыл алынган депозиттер сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы депозиттер боюнча да орточо салмактанып алынган пайыздык чен бир аз төмөндөгөн, тиешелүүлүгүнө жараша, 2,42 жана 0,37 пайыз чегинде катталган. Коммерциялык банктардын депозиттеринин долларлашуу деңгээли жыл башынан 3,6 пайыздык пунктка төмөндөө менен 2018-жылдын декабрь айынын акырына карата 43,9 пайызды түзгөн. 

Коммерциялык банктардын кредит портфелинин көлөмү 2018-жыл башынан тартып 18,1 пайызга жогорулап, 2018-жылдын акырына карата 127,9 млрд. сомду түзгөн. Булардын ичинен улуттук валютада кредиттер 18,1 пайызга өсүү менен 79,4 млрд. сомду түзгөн, чет өлкө валютасында 18,0 пайызга өсүү менен 48,5 млрд. сом эквивалентинде катталган. Улуттук валютада жаңы берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 2018-жылдын январь-декабрь айларынын ичинде 19,51 пайызды түзгөн. Чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча чендер 9,71 пайызга чейин төмөндөгөн. 2018-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча кредиттердин долларлашуу деңгээли жыл башына салыштырмалуу дээрлик өзгөрүүсүз бойдон калып, 37,9 пайызды түзгөн. 2018-жылдын декабрь айынын акырына карата мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин үлүшү кредит портфелинин жалпы көлөмүндө 1,8 пайызды түзүп, жыл башынан бери 0,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн.  

Регулятивдик отчетко ылайык, 2018-жылдын 31-декабрына карата БФКУлардын жалпы активдери1 20,1 млрд. сомду түзгөн жана 2017-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 31,4 пайызга көбөйгөн (2017-жылдын 31-декабрына карата 15,3 млрд. сом). 

2018-жылдын 31-декабрына карата БФКУлардын кредиттик портфели 16,97 млрд. сомду түзгөн жана 2017-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 4,2 млрд. сомго көбөйгөн (2017-жылдын 31-декабрына карата 12,7 млрд. сом). БФКУлардын кредит портфелинин көбөйүүсү, негизинен, милдеттенмелердин 3,1 млрд. сомго, ошондой эле өздүк капиталдын көбөйүшүнө байланыштуу болгон. 2018-жылдын 31-декабрына карата БФКУлардын кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен Кредиттик союздардын финансылык компаниясынын (КСФК) кредиттери боюнча 15,7 пайызды, микрофинансы уюмдарынын кредиттери боюнча (МФУ) 30,4 пайызды жана кредиттик союздардын (КС) кредиттери боюнча 27,4 пайызды түзгөн. 

Милдеттенмелер 9,0 млрд. сомду түзгөн жана 2017-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 55,2 пайызга көбөйгөн (2017-жылдын 31-декабрына карата 5,8 млрд. сом). 

2018-жылы чыгарылган төлөм карттарынын саны 20,0 пайызга көбөйүү менен 2,4 млн. даанага жеткен, анын ичинен «Элкарт» улуттук системасынын карттары 1,2 млн. даананы түзгөн. «Элкарт» банктык төлөм карттар эмиссиясынын 2017-жылга салыштарганда 33,3 пайызга өсүшү Нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программанын ишке ашырылышы менен шартталган. 

Учурда 121,2 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 42,0 пайызы) социалдык төлөөлөрдү банктык төлөм карттары аркылуу алууда; 329,3 миң адам (пенсионерлердин жалпы санынын 51,0 пайызы) пенсияларды коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу алышат. Ошондой эле банктык жабдууларды ташып келүү жөнүндө келишимдин аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө, ага ылайык 2018-2022-жылдар ичинде банкоматтардын, POS-терминалдардын, төлөм терминалдарынын жана банктык күркөлөрдүн санын көбөйтүү пландаштырылууда, алар көбүнчө республиканын аймактарына орнотулат.  

Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында региондордо финансы-кредит уюмдарынын жаңы өкүлчүлүктөрү ачылган, банктык төлөм жабдууларынын саны көбөйтүлгөн, финансылык сабаттуулукту жогорулаттуу боюнча ар түрдүү пландагы иш-чаралар өткөрүлдү.  

Улуттук банк 2018-жылы мурдагыдай эле акча-кредит чаралары боюнча ачык-айкын маалымат берүүнү уланткан. Бул чаралар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатына карата калктын ишенимин арттырууга жана түшүнүк берүүгө багытталган.  

 

___________________________ 

 

1 БКФУ сектору боюнча маалыматтарда «ФККС» ААКтын кредит портфели эске алынган эмес, анткени, кредиттер кредиттик союздарга берилген, алар өз кезегинде кайра кредиттөөгө жумшаган.