2019-жылдын 12 жана13-мартында Улуттук банк Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (ITFC - Ислам өнүктүрүү банкы тобунун курамындагы уюм) менен бирге «Кыргыз Республикасынын финансы мекемелери үчүн сооданы каржылоо» темасында семинар өткөрүп жатат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы өзүнүн сөзүндө семинарды өткөрүү демилгеси үчүн Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясына ыраазычылык билдирип, өтүп жаткан мындай иш-чара семинардын катышуучуларына ислам финансылары тууралуу маалымат берүү менен ислам каржылоо принциптеринин инструменттери аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Улуттук банк жөнгө салуучу катары ислам банкинги секторунун андан ары өнүгүүсү жана коопсуз иш алып баруусу үчүн тиешелүү саясатты улантуу, анын ичинде ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ошондой эле IFSB жана AAOIFI сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташуу жагында иштерди уланта тургандыгын Улуттук банктын төрагасы белгилеп өттү.  

Семинардын алкагында ислам каржылоонун негизги принциптери, ислам жана кадимки банктардын ортосундагы айырмачылыктар, ислам финансы жана инвестициялык продукттар, сооданы каржылоонун ислам модели, сооданы каржылоо боюнча ITFC операциялары боюнча маселелерди талкуулоо пландаштырылган. 

Семинарга коммерциялык банктардын, финансы институттарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышат. 

Маалымат үчүн: Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун курамына кирген уюм. Анын негизги милдети - Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр ортосунда соода мамилелерин өнүктүрүүгө түрткү берүү болуп саналат. Корпорация сооданы каржылоо жагында мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга компанияларга көмөк көрсөтүп, дүйнөлүк рынокто ийгиликтүү атаандаштыкка ээ болуу үчүн компаниялардын соода жүргүзүү потенциалын арттыруу боюнча аларга зарыл инструменттерди тартуулайт. 

Ислам финансы кызматтар кеңеши (IFSB) ислам финансы кызмат көрсөтүү индустриясынын туруктуу жана бекем болушун камсыз кылган эл аралык стандарттарды белгилеген уюм болуп саналат. Ислам финансы кызматтар кеңешинин мүчөлөрү болуп, көзөмөлдөө агенттиктери/органдар, эл аралык, өкмөттөр аралык уюмдар жана ислам финансы кызматтарын көрсөткөн уюмдар эсептелет. 

Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму (AAOIFI) бухгалтердик эсепке алуу, аудит, этика жана ислам финансы мекемелери үчүн шариат стандарттарын белгилеген уюм.