2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп өттү. Делегацияны стратегия жана саясатты координациялоо боюнча улук кеңешчи, директор Стефен Островский жетектеди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын финансы жана банк системаларына тиешелүү маселелер, ошондой эле банктардын ортосундагы кызматташуу мамилелери талкууланды.