2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек стол маеги болуп өттү, анда «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG», «Байланыш операторлорунун ассоциациясы», «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмелеринин, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышышты.  

Тегерек стол маегинин алкагында төмөнкү маселелер талкууланган: 

- уставдык капитал; 

- абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча агенттик модель; 

- төлөмдөрдүн гарантияланышын камсыздоо; 

- идентификацияланбаган электрондук капчыктар; 

- мобилдик байланыш операторлорунун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча кызматтарынан пайдалануучуларды идентификациялоо; 

- төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата лицензиялоого тиешелүү талаптар. 

Тегерек стол маегинин жыйынтыгында, келип түшкөн сунуштарды эске алып, ошондой эле төлөм системасында тобокелдиктерди кыскартуунун алкагында ченемдик укуктук актыларды андан ары иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.