Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Улуттук банктын аткарган иши тууралуу пресс-конференция болуп өттү 

 

2019-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын талаптарын ишке ашыруунун алкагында, Улуттук банктын 2019-жылдын 9 айы ичинде аткарган иши тууралуу пресс-конференция болуп өттү.  

Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов катышып, Улуттук банк негизги үч багыт боюнча иш алып барып жаткандыгын белгиледи:  

- банктардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана региондордо финансы кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; 

- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- региондордогу долбоорлорду каржылоо. 

Улуттук банктын төрагасы өлкөнүн региондорунда финансы кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү жана банк жабдууларын орнотуу боюнча иштер уланып жаткандыгын билдирди. Өткөн жылга салыштырмалуу банкоматтар 6,2 пайызга, POS-терминалдар 16,6 пайызга көбөйгөн.  

Төлөм карттарынын саны бир жыл аралыгында 21,7 пайызга көбөйүп, 2,8 млн даанага жеткен, анын ичинен «Элкарт» улуттук төлөм карттарынын саны 1,4 миллионду түзөт, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 27,3 пайызга көп дегенди билдирет. Банктык төлөм карттары өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 1 628 банкоматта жана 10 807 POS- терминалда тейленет. «Элкарт» улуттук төлөм карттарынын ээлери үчүн «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан, бул тиркеме менен 2019-жылдын 1-мартынан тартып QR-кодду (эки ченемдүү штрих-кодду) пайдалануу менен уюлдук телефондор аркылуу нак эмес төлөмдөр төлөнүп келет.  

Коммерциялык банктар онлайн-банкинг, интернет-банкинг жана мобилдик банкинг аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнү жигердүү өнүктүрүп жатышат.  

Мындан сырткары, Т.Абдыгулов аймактарды кредиттөө долбоорлорунун кеңейтилип жаткандыгы тууралуу маалымдады. 2019-жылдын башынан тарта Улуттук банк кредиттик аукциондордун алкагында коммерциялык банктарга 2 миллиард сомдон ашык суммада улуттук валютада ресурстарды сунуштаган, бул кредиттердин максималдуу пайыздык чени акыркы карыз алуучулар үчүн 12,0 пайыз өлчөмүндө аныкталган. Ошондой эле, коммерциялык банктар тарабынан жалпы 500,0 млн сом суммасында региондогу 75 ири долбоор каржылаган. Мындан сырткары күрөөсүз кредит берүү боюнча 15 коммерциялык банктын катышуусунда аймактык долбоорлор ишке ашырылып жатат.  

«Региондордогу долбоорлорду каржылоону колдоо максатында Улуттук банк 49 пайыз үлүшүнө ээ акционеринен болуу менен “Гарантиялык фонд” ачык акционердик коомунун капиталына 550 млн сом инвестиция жумшады, бул Улуттук банк, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана “Гарантиялык фонд” ААК тарабынан иштелип чыккан Баткен, Талас жана Нарын областтарындагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн старт-ап долбоорлорун каржылоо механизмин ишке ашырууга мүмкүндүк берет”, - деп билдирди Т. Абдыгулов.