Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

расмий маалыматы 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын 5-ноябрынан тартып «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы», «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» күмүш коллекциялык монеталарын жана ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

 

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган. 

 

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген. 

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу берилген. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

 

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө желбирөөчтү тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган «Улуу кыргыз каганаты» орхон-енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы «Сырга/Earring», салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.  

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019). 

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.  

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.   

  

Монеталардын мүнөздөмөлөрү:  

Аталышы 

Номиналы 

Металлы (сапат белгиси) 

Диаметри 

(мм) 

Салмагы (г) 

Сапаты 

Нускасы (даанасы) 

Сатуу баасы 

(сом) 

Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы 

10 сом 

Күмүш 925°  

38,61 

28,28  

«Proof» 

1 000  

2 650 

Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары 

10 сом 

Күмүш 925°  

38,61 

28,28  

«Proof» 

1 000  

2 650 

1 сом 

Жез-никель  

30,00 

12,00 

«Proof-like» 

5 000 

380 

 

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.