Түзүлгөн күнү: 2019-11-28
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздар аткарууга милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн 2019-жылдын 4-ноябрынан тартып «Кредиттик союз Ата-Дөөлөт» финансылык кооперативинин төмөнкү операцияларды жүргүзүү ишин убактылуу токтотту:
- катышуучуларына кредит берүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздардан тышкары, баалуу кагаздарга жана негизги каражаттарга инвестиция салуу.
«Кредиттик союз Ата-Дөөлөт» финансылык кооперативинин дареги: Ош шаары, Шакиров көчөсү, 36/1 а.