Кыргызстан терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча прогресске жетишүү тууралуу отчетун коргоду 

 

2019-жылдын 25 жана 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Улуттук банктын өкүлдөрү кирген Кыргыз Республикасынын делегациясы Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өз ара баа берүү жана укук маселелери боюнча Евразия тобунун терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча жумушчу тобунун отурумуна катышты. Евразия тобунун күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүүсүнүн алкагында, аталган жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча улуттук системасында кабыл алынган чаралар боюнча прогресске жетишүү тууралуу 2-отчетун тапшырып, ФАТФнын айрым сунуш-көрсөтмөлөрү боюнча рейтингди кайра карап чыгуу өтүнүчүн сунуштаган. 

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүн жөнгө салган Кыргыз Республикасында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Улуттук банктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары менен жигердүү иш жүргүзүүсү рейтингдерди жогорулатууга жана эл аралык стандарттарга туура келүүгө өбөлгө түзгөн динамикага оң таасирин тийгизген. Мындай динамика менен Кыргызстан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктер жана кооптуу жагдайлар менен күрөшүүнүн алкагында орчундуу прогресске ээ болгондугун көрсөтүүдө.  

Өз ара баа берүү жана укук маселелери боюнча Евразия жумушчу тобунун отурумунун жыйынтыгы боюнча жана Евразия тобунун жол-жоболоруна ылайык, рейтингди жогорулатуу жөнүндө консенсуска жетишүү менен Кыргыз Республикасынын отчету 2019-жылдын 29-ноябрында Ашхабад шаарында өткөн Евразия тобунун 31-Пленардык отурумунда каралып бекитилди.