Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2019-жылдын декабрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына келген, Бириккен Араб Эмираттарынын Билим берүү министри Хусейн бин Ибрагим Аль Хаммади мырза жетектеген Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен жолугушуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т. С. Абдыгулов Абу Даби Исламик Банкынын аткаруучу директору Хамис Аль-Шамси мырза менен жолугушту.  

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында ислам банкингин андан ары өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу, ислам каржылоо принциптери боюнча толук кандуу иштеген банкты түзүү маселелерин талкуулашты. 

Маалымат үчүн: Abu Dhabi Islamic Bank (Абу Даби Исламик Банк) 1997-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби Эмиратында биринчи ислам банкы катары катталган. Азыркы учурда Abu Dhabi Islamic Bank Улуу Британия, Сауд Арабиясы Королдугу, Египет мамлекеттеринде ийгиликтүү иш алып барып, эл аралык рейтинг агенттиктер тарабынан жогору бааланып келет.