2020-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында тегерек стол маеги болуп өттү. Аталган иш-чарага төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышты.  

Тегерек столдун катышуучуларына Кыргыз Республикасында санарип төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды. 

Уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө санарип төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү жана долбоордун катышуучулары тууралуу маселелер талкууга алынды.