Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы өлкөнүн банк жана финансы системасында туруктуулукту камсыз кылуу максатында 2020-жылдын 24-мартында № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтом кабыл алды. 

Токтом COVID-19 коронавирус инфекциясына байланыштуу эпидемиологиялык абалдан улам, өлкө экономикасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча  кабыл алынган чаралардын  банктардын ишине тийгизген терс таасирин азайтууга жана банктардын айрым экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткарбай коюу  тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган.