Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-жылдын 20-мартында банк системасынын туруктуулугун колдоого, COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалдан улам кабыл алынган чаралардын терс таасирлерин азайтууга багытталган № 2020-П-09/15-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясынын терс таасирлерин жеңилдетүү максатында коммерциялык банктарга кредит берүүсү жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.