Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы өлкөнүн банк жана финансы системасында туруктуулукту камсыз кылуу максатында, 2020-жылдын 3-апрелинде № 2020-П-12/20-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүүсүнүн убактылуу мөөнөттөрү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (ФКУ) Улуттук банкка отчетторду берүүсү боюнча мөөнөттөрдү узартууга, ошондой эле белгиленген мөөнөттө отчет берүү маселеси боюнча Улуттук банктын талаптары ФКУ тарабынан аткарылбай калуу тобокелдигин төмөндөтүүгө багытталган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.