Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн «ЖОКОЙ кредиттик союзу» финансылык кооперативинин 1997-жылдын 29-октябрындагы №1 лицензиясынын аракетин 2020-жылдын 28-апрелинен тартып убактылуу токтотту.  

«ЖОКОЙ кредиттик союзу» финансылык кооперативинин юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Ч. Айтматов көчөсү, № 52.