Улуттук банк «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.  

Улуттук банктын ченемдик укуктук актысынын долбоору, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын региондорунда жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, банк жана төлөм системаларынын бар болгон жана жаңы катышуучулар рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды жайылтуу үчүн тоскоолдуктарды азайтуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү, инновациялык ишти жөнгө салуу жана контролдоо, ошондой эле мындай ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында иштелип чыкты. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Бардык кызыкдар болгон жактар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 15-июнунан кечиктирбестен ukulmanbetov@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.