Эпидемиологиялык кооптуу жагдайды төмөндөтүү жана финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын алкагында, 2020-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтому кабыл алынды. 

Ушул токтомго ылайык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо боюнча минималдуу талаптар аныкталат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Токтомго кошумча Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) көмөгү менен даярдалган «Кардарларды аралыктан талаптагыдай текшерүү менен тейлөөдө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин талдап-иликтөө» коммерциялык банктарга кардарды талаптагыдай текшерүүнү уюштуруу боюнча методикалык сунуш-көрсөтмө катары жөнөтүлөт.