Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 29-июнунда эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 5,0 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2020-жылдын 30-июнунан тартып күчүнө кирет.  

COVID-19 пандемиясынын созулушунан улам, дүйнөлүк жана регионалдык экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын экономикасына да таасирин тийгизип жатат. Карантин чаралары алынгандан кийин дүйнөнүн кайсы бир өлкөлөрүнүн экономикалары калыбына келгендиги жөнүндө айрым бир байкалган белгилерге карабастан, жалпы алганда көптөгөн өлкөлөрдүн реалдуу ИДӨ динамикасы дагы деле терс көрсөткүчтөр деңгээлинде кармалууда. Дүйнөлүк финансы уюмдары дүйнөлүк жана регионалдык экономиканын начарлап кетүүсүн болжолдошууда. 2020-жылы дүйнөлүк экономика олуттуу төмөндөй тургандыгы күтүлөт.  

ИДӨ көрсөткүчтөрүнүн динамикасында Кыргыз Республикасындагы төмөн экономикалык жигердүүлүк экономиканын дээрлик бардык секторунда өндүрүштүн төмөндөшүн көрсөтүү менен чагылдырылган. Ички керектөөнү кармап туруучу фактор катары өлкөгө акча которуулар көлөмүнүн жана экспорттук пайданын агылып кирүү көлөмүнүн кыскарган тенденциясы мында да сакталган.  

Ички суроо-талаптын басаңдашы өлкөдө инфляциянын төмөндөгөн динамикасын шарттайт. 2020-жылдын июнь айында (19-июнга карата) жылдык инфляция көрсөткүчү ушул эле жылдын апрель айында 8,6 пайыз деңгээлине жеткенден кийин 6,1 пайызга чейин төмөндөгөн. Инфляция негизинен азык-түлүк инфляциясынын өсүш арымынын төмөндөшүнүн эсебинен басаңдаган. Инфляциянын түзүлгөн динамикасы жалпысынан Улуттук банктын күтүүлөрүнө туура келет.  

COVID-19 эпидемиясы шартында акча-кредит саясаты боюнча кабыл алынган чаралар, жалпы алганда, монетардык секторго колдоо көрсөткөн таасирге ээ. Акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери негизги ченге жакындаганын көрсөтүү менен Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте өзгөрүлүп турат. Коммерциялык банктардын кредит портфели менен депозит базасынын өсүш деңгээли сакталган.  

Мамлекеттик финансы секторунда чыгым тарткан операциялардын көбүрөөк орун алышы жана Улуттук банк тарабынан экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча кредиттик операцияларды активдүү жүргүзүлүшү банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк деңгээлинин жогорулашына алып келет. Мында Улуттук банк негизинен акча рыногунун кыска сегментинде арылтуу операцияларын жүргүзүүнү улантууда. Ички валюта рыногу бир калыпта туруктуу сакталып турат.  

Ички жана тышкы суроо-талаптын басаңдашы өлкөдөгү инфляция динамикасына кармап туруучу таасир берет деген божомолдор орун алат. Улуттук банк инфляция боюнча мурдагы болжолдоолорго таянат жана учурдагы жылдын акырына карата анын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде сактала тургандыгын болжолдойт.  

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүү боюнча өбөлгөлөрдүн жана түзүлгөн ички экономикалык шарттардын негизинде, экономиканын реалдуу секторун колдоо зарылдыгын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды.  

Улуттук банк инфляцияга таасир берген ички жана тышкы факторлорго туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды кабыл алат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк алардын кесепеттерин жөнгө салуу үчүн жетиштүү инструменттерге ээ.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2020-жылдын 24-августунда өтөт.  

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар)