Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 29-июнунда № 2020-П-14/38-6-(ПС) «СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу төлөм уюмдарына\төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү жүргүзүүнү токтото туруу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомго ылайык, СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү жана жугузуу тобокелдигин азайтууга багытталган чараларды камсыз кылуу максатында, төлөм системасында күтүүсүз чара көрүүнү талап кылган учурлардан тышкары, төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна инспектордук текшерүүлөрдү, өтүнмө берүүчүлөргө алдын ала текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүү убактылуу токтотулду. 

Токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.