«Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын үчүнчү баскычын ишке ашыруу жөнүндө» 

 

2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын башкы максатынан болуп чекене төлөмдөр рыногун, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн аралашуу деңгээлин жогорулатуу аркылуу нак жана нак эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүү саналат. 

Мында мамлекеттик программанын негизги милдеттери катары төмөнкүлөр белгиленген: 

- жеке адамдарга жана юридикалык жактарга интернет-банкинг сыяктуу бардык мүмкүнчүлүктүү төлөө ыкмаларын, уюлдук телефонду, банкоматтарды жана соода терминалдарын, кеш-ин терминалдарын пайдалануу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөсүн, субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруусун, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүүсүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү аянтчасын иштеп чыгуу; 

- финансылык агымдардын ачык-айкындуулугуна жетишүүнүн эсебинен республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн натыйжалуу пландаштырылышын камсыз кылуу боюнча чараларды жүргүзүү

- бюджеттик төлөмдөр системасына жана коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу бюджетке салыктык жана башка акча каражаттардын өз убагында келип түшүүсүнө контролдукту жогорулатуу; 

- жүгүртүүдөгү акча каражаттарына контролдукту күчөтүү, нак акчанын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартуу; 

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөк пулдарды сунуштоо процессин башкаруу эсебинен калкты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу; 

- калктын улуттук валютада бюджеттик, чекене жана утурумдук төлөмдөрүн жүргүзүүдө нак эмес эсептешүү инфраструктурасын арттыруу жана төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу реалдуу сектордо ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

- бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларынын банктык төлөм карттарына которулушун камсыз кылуу; 

- коммерциялык банктар тарабынан сунушталган төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр спектрин арттыруу, ошондой эле атаандаштык шартында филиалдар түйүнүн өнүктүрүү

- эсептер санын көбөйтүүнүн, калктын акча каражаттарын тартуунун жана экономиканын реалдуу секторуна инвестиция жумшоо үчүн финансылык каражаттардын олуттуу көлөмүн топтоштуруунун эсебинен депозит базасын көбөйтүү

- бизнес түзүмдөрдү төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүүгө тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү

- банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтик баа саясатын оптималдаштыруу; 

- калкка төлөмдөрдү инновациялык инструменттер аркылуу жүргүзүү ыкмалары жана аларды коопсуз колдонуу чаралары жөнүндө кеңири маалымат берүү