«Сом Кыргызстандын жүзү» темасын мыкты чагылдыруу боюнча 

жалпыга маалымдоо каражаттары арасында республикалык сынак өткөрүү  

ТАРТИБИ 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында басылма, электрондук жана аудиовизуалдык жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары ЖМК) журналисттеринин арасындагы «Сом Кыргызстандын жүзү» республикалык сынагын (мындан ары сынак) өткөрүүнүн мөөнөтүн жана тартибин жөнгө салат. 

1.2. Сынакты өткөрүү жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий сайтында жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыяланат.  

1.3. Сынак боюнча эмгектер берилген тема боюнча басылма, телекөрсөтүү сюжети же радиопрограмма түрүндө көрсөтүлөт. 

1.4. Сынактын максаты: 

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы темасына калктын кызыгуусун арттыруу маселесине жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын, мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүнүн жана коомдук уюмдардын көңүлүн буруу. 

- ЖМКда сапаттуу жарыялоо аркылуу кыргыз сомунун имиджин жакшыртуу. 

1.5. Сынактын номинациялары: 

- мамлекеттик тилдеги эң мыкты телематериал; 

- расмий тилдеги эң мыкты телематериал; 

- мамлекеттик тилдеги эң мыкты радио материал; 

- расмий тилдеги эң мыкты радио материал; 

- басма сөз каражаттарында мамлекеттик тилдеги эң мыкты материал; 

- басма сөз каражаттарында расмий тилдеги эң мыкты материал; 

- интернет-басылмаларда мамлекеттик тилдеги эң мыкты материал; 

- интернет-басылмаларда расмий тилдеги эң мыкты материал; 

- аймактык маалымат каражаттарында эң мыкты материал.  

 

2. Сынактын тартиби жана шарттары 

2.1. Сынакка Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде теле жана радио журналисттеринин мамлекеттик жана расмий тилдерде берилген чыгармачылык иштери кабыл алынат. 

2.2. Бир автордун материалдарынын саны жана сынак боюнча эмгектердин көлөмү чектелбейт. 

2.3. Сынакка сунушталган эмгектер 2023-жылдын 1-мартынан 1-октябрына чейин ЖМКда жарыяланышы керек. 

 

3. Сынакка материалдарды берүүнүн тартиби 

3.1. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер https://forms.gle/VT675ZapzUbV76Wf7 Google формасында онлайн-арыз толтурушу керек (мындан ары Google формасы) жана сынак боюнча эмгек ушул жобонун 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте жайгаштырылышы зарыл.  

3.2.  Google формасында сынак боюнча эмгек жарыяланган интернет-ресурска түз шилтемени көрсөтүү керек же материалдын (гезиттин же журналдын сканерленген барагы, аудио файл, видео файл ж.б.) электрондук версиясы жайгашкан булут сактагычына түз шилтемени көрсөтүү зарыл, ошондой эле көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.  

3.3. Арыздар 2023-жылдын 1-октябрын кошо алганда, саат 17:00гө чейин кабыл алынат. 

 

4. Сынак боюнча эмгектерди тандоо критерийлери 

4.1. Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери: 

- материалдын жарыяланган темага, номинацияга, сынактын шарттарына ылайык келиши; 

- теманы объективдүү ачып берүү

- колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгү

- теманы жеткиликтүү түшүндүрүү

- теманы толук ачып берүү

- түрдүү форматтар жана визуализация (мультимедиа).