Улуттук банктын «Кыргыз сому тууралуу беш факты» 

интернет-викторинасын өткөрүү  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Эрежелерде Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын социалдык тармактардагы баракчаларынын окурмандары арасында викторина өткөрүү тартиби жана шарттары жөнгө салынган. 

1.2. Викторинанын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) саналат. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 168. Байланыш телефондору: 0312 61-06-67, 0312 61-06-52. 

1.3. Викторина өткөрүүнүн шарттары жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында, ошондой эле Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. 

1.4. Викторинанын аталышы «Кыргыз сому тууралуу беш факты». 

1.5. Викторина 2023-жылдын 15-майынан 19-майына чейин өткөрүлөт. 

1.6. Викторина Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында: Instagram: (@nbkr_kg), Facebook: (@kyrgyzbank1992) өткөрүлөт. 

1.7. Сынактын жеңүүчүлөрүнө Улуттук банк тарабынан баалуу белектер тапшырылат. 

 

2. Викторина өткөрүүнүн шарттары 

2.1. Викторинага катышуу жана баалуу сыйлыктарды утуп алуу үчүн Улуттук банктын социалдык тармактардагы аккаунттарына (Instagram, Facebook) катталуу зарыл. 

2.2. Улуттук банктын социалдык тармактардагы (Instagram, Facebook) баракчаларында 5 (беш) күн бою мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалган суроолор күн сайын жайгаштырылып турат. 

2.3. Викторинанын катышуучусу суроо камтылган билдирүүгө карата комментарий түрүндө өзүнүн жообун берүүгө тийиш. 

2.4. Викторинанын катышуучусу викторина өткөрүлгөн мезгилде 1 (бир) гана жолу байге ээси боло алат (3.1-пункт). 

2.5. Берилген суроого биринчилерден болуп туура жооп жазган катышуучулар викторинанын жеңүүчүлөрү болуп саналат. 

 

3. Викторинанын жеңүүчүлөрүн аныктоо критерийлери 

3.1. Викторинанын жеңүүчүлөрүн уюштуруучу суроо Улуттук банктын социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылгандан кийин күн сайын саат 17.00дө аныктайт. 

3.2. Викторинанын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи викторинанын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин өткөрүлөт. 

 

4. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу: 

4.1. Викторинага ушул Эрежелерде аныкталган тартипте катышууга. 

4.2. Сынактын бардык шарттары аткарылгандан кийин жана катышуучу жеңүүчү катары таанылгандан кийин уюштуруучудан сыйлык берүүнү талап кылууга.  

Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.3. Жеңүүчү катары таанылган учурда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүгө: паспорттун маалыматтары (паспорттун сериясы жана номери, берилген жер жана датасы сканерден өткөрүлүп көрсөтүлөт). 

Уюштуруучу төмөнкүлөргө укуктуу: 

4.4. Инсандыгын тастыктаган документтерди көрсөтүүдөн баш тартканда же викторина боюнча берилген маалыматтар дал келбеген учурда жеңүүчүгө сыйлык берүүдөн баш тартууга. 

4.5. Викторинанын эрежелерин бузган учурда каалаган убакта катышуучуну викторинага катышуудан четтетүүгө (атап айтканда, катышуучу социалдык тармактарда ар кандай аккаунттар аркылуу бир нече жолу катталуу аракетин жасаган учурда). 

4.6. Калып калган сыйлыктарды өз каалоосу боюнча колдонууга.  

Уюштуруучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

4.7. Ушул Эрежелерде аныкталган тартипте викторина өткөрүүгө

4.8. Викторинанын жеңүүчүсүнө сыйлыкты ушул Эрежелерге ылайык тапшырууга.  

 

5. Сыйлыкты алуу тартиби жана шарттары 

5.1. Сыйлыктар жеңүүчүлөргө паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документти көрсөткөндө гана берилет. 

5.2. Сыйлык алуу укугун башка бирөөгө өткөрүп берүүгө, ошондой эле утуштарды акчалай түрдө төлөөгө жол берилбейт. 

5.3. Викторинанын жеңүүчүсү кандайдыр бир себеп менен байгеден баш тарткан учурда, сыйлык викторинанын жеңүүчүсүнөн кийинки туура жооп жазган адамга берилет. 

 

6. Кошумча шарттар 

6.1. Викторинага 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар катыша алышат. Көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген адамдар викторинага катышпайт жана байге алууга укугу жок. 

6.2. Викторинага катышуу автоматтык түрдө катышуучу ушул Эрежелер менен таанышкандыгын жана макулдугун билдирет. 

6.3. Викторинага катышуу менен катышуучу өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнүн, уюлдук телефон номери) текшерүүгө макулдугун берет. 

6.4. Викторинага катышуу менен катышуучу өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана аларды карап чыгууга макулдугун берет (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун сканерленген версиясын же жеңүүчүнүн инсандыгын тастыктаган башка документти уюштуруучуларга берүү). 

6.5. Викторинага уюштуруучу тараптын кызматкерлери жана алар менен аффилирленген адамдар (алар менен аффилирленген жактардын кызматкерлери), викторинаны даярдоого жана өткөрүүгө катышкан уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле баардык көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү катыша албайт.  

6.6. Викторинанын уюштуруучусу интернет-провайдерде келип чыккан техникалык үзгүлтүктөр жана викторинаны өткөрүүнүн жүрүшүндө орун алган кандайдыр бир үзгүлтүктөр үчүн күнөөсү жок болсо, жоопкерчилик тартпайт.