Кулактандыруу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке тартылган изилдөөчүлөрдүн программасы башталгандыгы жөнүндө маалымдоо менен аспиранттарды, PhD студенттерди, пост-докторанттарды кызматташууга чакырат. 

Программанын максаты аспиратурада/PhD докторантурада билим алып жатышкан жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдү, ошондой эле пост-докторанттарды экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүсү үчүн ишке тартуу. 

Программада аспирантурадан/PhD докторантурадан билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандары жана чет өлкөлүк жарандар, пост-докторанттар катыша алышат.  

Талапкер программага катышуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштоосу зарыл: 

- илимий кызыгуусун жараткан чөйрө жана адистиги көрсөтүлгөн резюме; 

- мотивациялык кат; 

- изилдөө ишин чагылдыруу (proposal). Илимий иш Кыргыз Республикасынын экономикасынын төмөнкү багыттарынын бирин изилдөөгө багытталууга тийиш: 

- бюджет-салык саясаты; 

- акча-кредит саясаты; 

- финансылык туруктуулук; 

- финансылык технологиялар; 

- компаниялардын жана үй чарбаларынын экономикалык иш алып баруусу; 

- экономикалык өсүш. 

- программада катышуу мезгилине каралган иш планы; 

- университеттен жана/же академиялык жетекчиден сунуштама; 

- паспорттун көчүрмөсү

Программада катышууга акы төлөнбөйт. 

Изилдөө долбоорун жүзөгө ашырууга 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөт берилет жана аны аяктагандан кийин чакыртылган адис изилдөө иши боюнча отчетту (аяктаган иш боюнча) сунуштоого жана аны менен тааныштырып чыгууга тийиш. 

Талапкерлердин билдирмелери btynaliev@nbkr.kg дареги боюнча кабыл алынат. 

 

Маалымат алуу үчүн телефондор: +996 (312) 66-91-91.