«Банк чөйрөсүн санариптештирүү жеткиликтүү финансылык кызмат көрсөтүүлөргө карай жол » темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо    

 

 

«Санариптештирүү банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүк ыкмасы катары» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында республикалык сынак (мындан ары сынак) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлөт.   

Сынак, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын билим деңгээлин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары ЖМК) аркылуу маалымат берүү менен жогорулатуу, жарандардын, мамлекеттик бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган финансылык продукттар менен кызмат көрсөтүү рыногунун өзгөчөлүгү жөнүндө сапаттуу басылмалар менен калктын маалымдар болуусун жогорулатуу максатын көздөйт.  

Сынакты өткөрүү жана анын жыйынтыгы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

Сынакка журналисттердин эмгектеринин сериясы аталган темага жараша басма сөз түрүндө жарыяланган материалдар, интернет басылмалар, телесюжет жана радиоберүүлөр түрүндө сунушталууга тийиш. 

 

Сынактын максаты: 

1. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын билим деңгээлин ЖМК аркылуу маалымат берүү менен жогорулатуу, жарандардын, мамлекеттик бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу. 

2. Финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган финансылык продукттар менен кызмат көрсөтүү рыногунун өзгөчөлүгү жөнүндө сапаттуу басылмалар менен калктын маалымдар болуусун жогорулатуу. 

3. Кыргыз Республикасында банктык кызматты санариптештирүү жана төлөм системасын өнүктүрүү, нак эмес төлөм жүргүзүүгө калктын ишенимин жогорулатуу темасы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө дем берүү

 

Сынактын номинациялары:   

- Мамлекеттик тилде мыкты телематериал.   

- Расмий тилде мыкты телематериал 

- Региондо жарыяланган мыкты телематериал. 

- Мамлекеттик тилде мыкты радиоматериал.   

- Расмий тилде мыкты радиоматериал.   

- Мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал.   

- Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал.   

- Региондо жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндөгү мыкты материал. 

- Мамлекеттик тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал.   

- Расмий тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал.  

 

Сынактын шарттары.   

Сынакка Кыргыз Республикасындагы басма сөз жана электрондук ЖМК журналисттери (ЖМК, теле жана радио, интернет басылма) катыша алышат.   

Баа берүү комиссиясынын кароосуна мамлекеттик жана расмий тилдеги материалдар алынат. 

Бир эле автордон берилген материалдардын санына жана көлөмүнө чек коюлбайт. Башкысы, материалдар сериялар менен берилип, берилген тема белгиленген мөөнөт ичинде чыгарылууга тийиш.  

Сынакка берилүүчү эмгектер 2019-жылдын 1-июнунан 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.  

 

Сынакка материалдарды берүү тартиби.   

Сынакка катышуу үчүн билдирмелер: press@nbkr.kg электрондук дарек боюнча кабыл алынат. Ошондой эле, сынакка катышуу үчүн материалдарды (маалыматты сактоо каражаттарында) Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча сунуштоого болот. Билдирме каттын сыртына «ЖМК арасындагы сынакка катышуу» деп көрсөтүү, билдирмеге сынактын авторунун аты-жөнүн, байланыш телефон номерлерин жана электрондук дарегин көрсөтүү зарыл. Газеталар: газетага чыккан материалдардын түп нускасын тиркейт; интернет басылмалар чыккан материалды скриншот форматында сунуштайт. Ал эми телеканалдар жана радиокомпаниялар видео/аудио файлдарды же аларды көчүрүп алууга мүмкүн болгон шилтемелерди беришет. 

 

Сынакка катышуу үчүн эмгектер төмөнкү тартипте кабыл алынат:   

- сынактын материалы жарыяланган гезиттин же журналдын номери же анын электрондук версиясы (газетанын сканерден өткөрүлгөн бети);   

- маалымат агенттиктеринде жарыяланган материалдар, материал жарыяланган, анын басылып чыкканын тастыктаган электрондук даректи көрсөтүү менен интернет-ресурстун электрондук бети сканерден өткөрүлгөн тексттер көчүрмө түрүндө кабыл алынат;   

- радиоматериалдардын аудиофайлдары электрондук түрдө кабыл алынат;   

- телематериалдары менен видеофайлдар электрондук түрдө кабыл алынат.  

  

Сынакка материалдарды тандоонун критерийлери:   

- Сынакка жарыяланган темага, номинацияга, сынактын шартына материалдын төп келиши;   

- ар тараптуу чагылдыруу жана объективдүүлүк; 

- колдонулган маалыматтардын тактыгы жана жеткиликтүү берүү;   

- теманын толук чагылдырылышы;   

- материалдын социалдык жактан маанилүүлүгү;   

- материалдардын сериясы (теманы ачып берүү ырааты). 

 

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо:   

- Сынактын жеңүүчүлөрү сынак комиссиясы тарабынан аныкталат.   

- Сынак комиссиясынын ишин сынак комиссиясынын төрагасы жетектейт.   

- Сынак комиссиясынын отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта сынак комиссиясынын чечими мыйзамдуу деп табылат.   

- Жеңүүчүлөр сынактын талаптарына ылайык ар бир номинация боюнча билдирмелерин белгиленген мөөнөт ичинде берген катышуучулардын ичинен жөнөкөй ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Сынак комиссиясынын ар бир мүчөсү ар бир номинациядагы катышуучуга бир добуштан берүүгө укуктуу.   

- Бирдей добушка ээ болгон катышуучуларга кайрадан ачык добуш берилет. Эгерде кайрадан добуш берүү менен катышуучулардын бирдей добушка ээ болуу себебинен улам жеңүүчүнү аныктоо мүмкүн болбогон учурда, төраганын добушу чечүүчү болот.   

Сынак комиссиясынын чечими протокол менен таризделет.   

Ар бир номинация боюнча бир эле автордун материалы жеңүүчү болуп эсептелет.   

Сынак комиссиясы учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө сынактын жыйынтыгын чыгарат.   

Сынактын сыйлык фондусунда баалуу белектер менен кызыктыруучу сыйлыктар каралган.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сынактын материалдарын келечекте пайдалануу, анын ичинде сөзсүз авторго шилтеме берүү менен материалдарды өзүнүн көз карашы боюнча жарыялоо укугун өзүнө калтырат.