КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2019-жылдын 12-апрели № 45 

Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө 

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорду түзүүнүн жана ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер 

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) кепилдик фонд - акционердик коом формасында түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоонун жол-жобосунан өткөн жана кепилдик ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;

2) кардар - милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-насыялык уюм менен каржылоо келишими боюнча кепилдиги камсыз болгон ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу;

3) ишкердик субъекти - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенүүчү жеке жак жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталган юридикалык жак;

4) мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик турак-жай программаларын ишке ашыруунун алкагында турак-жайга каржылоо алууга арыз берген жана тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны;

5) кардардын милдеттенмелери - финансы-насыялык уюмдан алынган каржылоонун алкагында пайда болгон жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү милдеттенмелер;

6) кепилдик - берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;

7) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү, кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;

8) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;

9) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;

10) финансы-насыялык уюмдар - Улуттук банк тарабынан аларга берилген лицензиялардын (күбөлүктөрдүн) негизинде банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ банктар, банктык эмес финансы-насыялык уюмдар, ошондой эле насыя берүүнү (каржылоону) жүзөгө ашыруучу жана кепилдик фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн эл аралык уюмдар;

11) каржылоо - финансы-насыялык уюмдар тарабынан ипотекалык/коммерциялык насыяларды жана алардын алмаштыруучуларын берүү, ошондой эле каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу бүтүмдөр/операциялар;

12) мультипликатор коэффициенти - кепилдик фонддун жеке капиталынын өлчөмүнө карата кепилдик портфелдин көлөмүнүн мүмкүн болушунча ашуусуна Улуттук банк белгилеген мамиле;

13) кепилдик портфель - кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча белгилүү бир күнгө карата кепилдик фонддун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү;

14) регресстик талап - кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу;

15) кепилдик фонддордун катышуучулары - кепилдик фонддордун уюштуруучулары жана акционерлери.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача аныкталбаса, ушул Мыйзамда пайдаланылуучу башка терминдер жана аныктамалар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык практикада алардын жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-берене. Кепилдик фонддун аталышы 

Кепилдик фонд уюмдун уставында жазылган аталышты гана колдонууга жана аталышында "Кепилдик фонд" деген сөздөрдү колдонууга тийиш.

3-берене. Кыргыз Республикасынын, Улуттук банктын жана кепилдик фонддордун жоопкерчиликтеринин ажыратылышы 

Тараптар тиешелүү милдеттенмелерди өздөрүнө ыктыярдуу түрдө алган учурларды кошпогондо, кепилдик фонддор Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошого тете Кыргыз Республикасы да кепилдик фонддордун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

Кепилдик фонддор Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк кепилдик фонддордун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2-глава. Кепилдик фонддордун уюштуруу-укуктук формасы. Кепилдик фонддордун иши 

4-берене. Кепилдик фонддорду түзүү 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Төмөнкүлөр кепилдик фонддордун катышуучулары боло алышпайт:

1) оффшордук зоналардын аймактарында жашаган жана/же катталган, же болбосо алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталуучу оффшордук зоналарда аффилирленген жактардын катышуучулары катары катталган жеке адамдар жана юридикалык жактар.

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:

юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;

бир эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;

2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле аталган жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар мамлекеттерде катталган жеке жана юридикалык жактар;

3) өзүнүн иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген, же болбосо юридикалык жактын катышуучуларын, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин, ошондой эле эгерде алар Улуттук банк, банктар жана банк иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн кынтыксыз ишкердик беделин тастыктай албаган учурда, так идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;

4) кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга же кепилдик фонддун капиталына катышууга багытталган акча каражаттарынын келип чыгуусунун мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тыюу салынган же чектөө киргизилген жеке жана юридикалык жактар.

2. Кепилдик фонддор ишин жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банкта эсептик каттоонун жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү. Кепилдик фонддордун эсептик каттоодон өтүү тартиби, эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиздер Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

3. Кепилдик фонддордун кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банкта макулдашуу жол-жобосунан өтүшөт. Кепилдик фонддордун кызмат адамдарына талапкерлерди макулдашуу жана макулдашуудан баш тартуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

4. Кепилдик фонддор уставдын негизинде иштешет, анда кызмат көрсөтүүлөрдүн/бүтүмдөрдүн тизмеги камтылууга жана ал Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Кепилдик фонддордун ишинин негизги түрү кардарлардын милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү болуп саналат.

Кепилдик фонддоруна Улуттук банктагы эсептик каттоосуз иштөөгө тыюу салынат.

5. (КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

6. Ушул Мыйзамда каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар кепилдик иш менен алектенүүгө укуксуз.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-берене. Кепилдик фонддордун акцияларын сатып алууга уруксат алуу тартиби 

1. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип кепилдик фонддун уставдык капиталындагы акциялардын жыйындысында 10 пайызынан ашыгын сатып алууга, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу ниеттенген каалаган жеке же юридикалык жак болбосун Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.

2. Уруксат алуу тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-берене. Кепилдик фонддун башкаруу органдары 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүдөй башкаруу органдарын түзөт:

1) акционерлердин жалпы чогулушу - фондду башкаруунун жогорку органы;

2) директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын аралыгындагы мезгилде коомго жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу фонддун башкаруу органы. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;

3) башкарма - фонддун учурдагы ишин жетектөөнү жүзөгө ашыруучу орган. Башкарманын мүчөлөрү директорлор кеңеши тарабынан "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана фонддун уставында каралган тартипте 5 жылдан ашпаган мөөнөткө шайланат;

4) текшерүү комиссиясы - фонддун финансылык-чарбалык ишине контролду жүзөгө ашыруучу контролдук орган. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайланат.

2. Кепилдик фонддордун башкаруу органдарынын иши, укуктук статусу жана компетенциясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, кепилдик фонддун уставында жана ички ченемдик документтеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддорундагы милдеттүү комитеттердин жана кызматтардын иши боюнча талаптарды белгилейт.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-берене. Кепилдик фонддордун бирикмелери 

1. Кепилдик фонддор өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыкты коргоо жана билдирүү, биргелешкен кепилдиктерди аткаруу жана ушул сыяктуу башка максаттар үчүн ассоциацияларды же бирликтерди түзө алат.

2. Кепилдик фонддоруна комиссиялык сыйакынын, мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн аныктоо максатында же атаандаштыкты чектөөгө, рынокту монополиялаштырууга жана кардарлардын насыялык ресурстарга жетишин начарлатууга багытталган башка максаттарда ассоциацияларды же болбосо бирликтерди колдонууга тыюу салынат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

8-берене. Кепилдик фонддордун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү 

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонд турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүгүндөй жана/же бир бөлүгүн кепилдик фонд бекиткен жобонун негизинде жүзөгө ашырган жана ага кепилдик фонд берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фондунун филиалы болуп саналат.

Филиалдын кепилдик фонд менен бирдиктүү уставдык капиталы, балансы, ошондой эле кепилдик фонддун аталышына толук дал келген жана "филиалы" деген сөз кошулган аталышы болот.

2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонддун кызыкчылыктарын коргоону жана билдирүүнү жүзөгө ашырган, кепилдиктерди берүүнү кошпогондо, анын атынан бүтүм жана башка юридикалык иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү кепилдик фонддун өкүлчүлүгү болуп саналат.

3. Кепилдик фонддордун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери кепилдик фонддордун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн кепилдик фонд филиалдардын жана/же өкүлчүлүктөрдүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти тартат.

4. Кепилдик фонддордун филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

9-берене. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддордун көз карандысыздыгы 

1. Кепилдик фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кепилдик фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.

3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен келишимге жана/же макулдашууга ылайык кепилдик фонддор тарабынан өз алдынча белгиленет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

3-глава. Кепилдик фонддун капиталы 

10-берене. Кепилдик фонддун жеке капиталы 

Кепилдик фонддун жеке капиталына карата талаптар жана эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

11-берене. Кепилдик фонддун уставдык капиталы 

1. Кепилдик фонддун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

2. Кепилдик фонддун уставдык капиталында жеке жана юридикалык жактардын ар биринин катышуудагы үлүшү чектелбейт.

3. Кепилдик фонддун уставдык капиталын түзүү акчалай түрдө жүзөгө ашырылат. Уставдык капиталдын курамына кепилдик фонддун катышуучулары салган акча каражаттарын кепилдик фонд кайтарып берүүсү боюнча милдеттенмеси болбогон уставдык капитал гана кирет.

4. Кепилдик фонддун уставдык капиталына кепилдик фонддун катышуучулары салган каражаттарын аларга тиешелүү акцияларды сатуу аркылуу гана ала алышат.

5. Улуттук банк кепилдик фондго дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүүгө же тыюу салууга укуктуу. Дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизүү же тыюу салуу тартиби жана негизи Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Кепилдик фонддун уставдык капиталы жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, ыктыярдуу төгүмдөрдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан түзүлүшү мүмкүн.

7. Уставдык капиталды түзүү тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

4-глава. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары жана тартиби 

12-берене. Кепилдиктерди берүү 

Кепилдиктерди берүү саясатына ылайык кепилдик кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы милдеттенмесинин бөлүгүнө берилет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары 

1. Кепилдиктерди берүү тууралуу түзүлгөн келишимдер жана/же макулдашуулар боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилик көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелердин (каржылоонун негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Бир адамга же байланышы бар жактардын тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

3. Кепилдик берүү келишимдин жана/же макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат, кайтарымдуу болуп саналат жана сыйакынын өлчөмү фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды эске албаганда, кепилдиктер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.

5. Мультипликатор коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

14-берене. Кепилдик фонддун жоопкерчилиги 

1. Кардардын милдеттенмелеринин кепилдик менен камсыздалган бөлүгүн аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн кепилдик фонддун жоопкерчилиги кепилдиктерди берүү саясаты жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансы-насыялык уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.

2. Кепилдик фонд пайыздарды, үстөк айыпты, айып пулду, туумду, комиссияларды төлөө бөлүгүндө каржылоо боюнча кардарлардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылбайт.

3. Кардардын милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча кепилдик фонддун милдети кардар каржылоонун кайтарып берүү мөөнөттөрүн бузганда келип чыгат. Мында финансы-насыялык уюм Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каржылоо келишими боюнча милдеттенмелерди кардар аткарбаган күндөн тартып кардар тарабынан келишимдин шарттарынын бузулганы тууралуу кепилдик фондго жазуу жүзүндө кабарлайт.

Кепилдик фонддун ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн милдети карызды өндүрүп алуу боюнча кепилдиктерди берүү саясатында каралган зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм тарабынан ишке ашырылганын тастыктаган, кепилдиктерди берүү саясатында каралган тиешелүү документтер топтомун финансы-насыялык уюм бергенден кийин келип чыгат.

4. Тизмеги кепилдиктерди берүү саясатында аныкталган карызды өндүрүп алуу боюнча зарыл чаралардын финансы-насыялык уюм тарабынан ишке ашырылуусу боюнча документтердин толук топтому берилгенден кийин кепилдик фонд финансы-насыялык уюм менен кызматташуу тууралуу түзүлгөн макулдашуунун тартибинде жана шарттарында кепилдиктер боюнча талапты аткарат.

5. Ушул беренеде каралган талаптар кепилдик фонд тарабынан аткарылган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө каржылоо келишими боюнча финансы-насыялык уюмга кепилдик фонд тарабынан төлөнүп берилген сумманы кайтаруу боюнча peгpecc тартибинде кардардан талап кылуу укугуна ээ болот.

6. Карызкор кардарга карата регресстик талаптарды канааттандырууда кепилдик фонд тарабынан алынган каражаттар кепилдик фонддун тескөөсүндө калат жана кепилдик фондду өнүктүрүүгө багытталат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-глава. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө 

15-берене. Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган 

1. Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Улуттук банк кепилдик фонддорду каттоо, кепилдик фонддордун иштерин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.

3. Улуттук банк кепилдик фонддордун аткаруусу үчүн милдеттүү болгон экономикалык ченемдерди, анын ичинде мультипликатордун коэффициентин белгилөөгө, кепилдик фонддордун иштерин текшерүүгө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

4. Экономикалык ченемдердин, талаптардын, чектөөлөрдүн түрлөрү, өлчөмдөрү жана аларды эсептөө методикалары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

5. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын жана шарттардын негизинде Улуттук банк кепилдик фонддордун ишин текшерет.

6. Кепилдик фонддор, кепилдик фонддордун катышуучулары, кепилдик фонддун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка бардык маалыматтарды өз учурунда берүүгө милдеттүү.

7. Кепилдиктерди берүүдө кардарлар менен өз ара иш алып баруунун алкагында кепилдик фонд тарабынан же кардар менен кепилдик фонддун өз ара мамилесине байланышкан башка жол менен алынган же болбосо кепилдик фонд тарабынан түзүлгөн ар кандай маалыматтар банктык сырга тийиштүү маалымат болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

16-берене. Кепилдик фонддордун ишин көзөмөлдөө 

Улуттук банк тышкы көзөмөлдөө жана жеринде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу кепилдик фонддордун ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

17-берене. Кепилдик фонддорду эсепке алуу жана отчеттуулук 

1. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө мыйзамдарына, финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана кепилдик фондду эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Кепилдик фонддун эсепке алуу саясаты бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптерин, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу методдорун жана эрежелерин өзүнө камтууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөлдөө жүзөгө ашырылса, кепилдик фонд Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын түзүүгө тийиш. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөлдөөнүн жана отчеттуулуктун талаптарын колдонбой коюу учурларын белгилөөгө укуктуу.

3. Кепилдик фонд бухгалтердик эсепке алууда жана отчеттуулукту түзүүдө колдонулуучу документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

4. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеги жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.

18-берене. Ички контролдоо системасы 

Ички контролдоо системасын уюштуруу жана иштетүү боюнча кепилдик фондго карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

19-берене. Кепилдик фонддордун аудити 

1. Кепилдик фонддун иши жыл сайын тышкы аудиттик текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

2. Тышкы аудит жүргүзүүгө жана аудитордук уюмга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

20-берене. Кепилдик фонд тарабынан түзүлүүчү резервдер 

1. Кепилдик иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды өз учурунда жабуу үчүн кепилдик фонд тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчетто финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын чагылдырууга милдеттүү.

2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында кепилдик фонддун сарптоолоруна тийиштүү насыялык жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча чыгымдарды жабуу учуруна карата кепилдик фонд тарабынан түзүлүүчү резервдердин өлчөмүн, аларды түзүү тартибин жана эсептөө методдорун аныктоого укуктуу.

21-берене. Таасир этүү чаралары 

1. Улуттук банк кепилдик фондго жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот.

2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу максаты кепилдик фонддордун стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү, оңдоо жана четтетүү болуп саналат.

3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк, банктар жана банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, учурларда жана тартипте колдонулат.

4. Улуттук банк кепилдик фондго жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрлөрүн жана таасир этүү чараларын колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт.

5. Улуттук банк кепилдик фонддордун алгылыксыз жана кооптуу иштеринин белгилерин белгилейт жана ага кепилдик фонддорунун жана алардын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктайт.

6. Жарыялоо кепилдик фонддун насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурлардан тышкары, Улуттук банк кепилдик фонддорго карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Көрсөтүлгөн маалыматты жарыялоо мөөнөтү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтарды жарыялоо банктык жашыруун сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

7. Улуттук банктын кепилдик фондго карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

22-берене. Маалыматтар жана документтер 

1. Улуттук банк кепилдик фонддун тескөөсүндө турган бардык маалыматтарды талап кылууга жана алууга укуктуу.

2. Улуттук банк өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу процессинде алган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, үчүнчү тарапка берилбейт.

6-глава. Корутунду жоболор 

23-берене. Кепилдик фонддорун кайра уюштуруу жана/же жоюу 

1. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы), жоюлушу мүмкүн.

2. Кепилдик фонд жоюлган учурда активдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы N 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

24-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4. Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ишин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

5. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 953-ст.);

2) "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 949-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

С.Жээнбеков 

  

  

  

2019-жылдын 7-мартында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган