Швейцария Улуттук банкы менен кызматташуу 

Кызматташуу башталган мезгил: 1993-жыл 

Кызматташуунун негизги багыттары: 

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын макроэкономикалык моделин иштеп чыгуу боюнча изилдөө долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операциялардын жүргүзүлүшүн автоматташтырууга мүмкүндүк берген Автоматташтырылган тоорук системасын колдонууга киргизүү

- Улуттук банктын коммуникациялык саясатын өркүндөтүү

- Ички аудит маселелери боюнча семинар. 

 

 

Эл аралык монетардык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Аттилио Занетти мырза жетектеген Швейцария Улуттук банкынын делегациясы 2022-жылдын 13-14-мартында Улуттук банкка иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы К.К. Бөкөнтаев Занетти мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы талкууланды.