Шанхай кызматташуу уюму  

Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө болушунун алкагында, Улуттук банк Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттер менен улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү жол картасынын долбоору боюнча ишке катышат. 

2020-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын кызматкерлери Россия Федерациясы Россия банкы менен биргеликте видеоконференция форматында уюштурган “Улуттук валюталарда өз ара эсептешүүгө бара-бара өтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу” темасында тегерек стол отурумунда катышкан. Анын жүрүшүндө Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттер ортосунда улуттук валюталарда өз ара эсептешүүнүн күндөлүк абалы, аларды өнүктүрүү жагында тоскоолдуктар, ошондой эле мындай эсептешүүлөрдүн келечеги жана аларды арттыруу жолдору талкууланган.