Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 

Кыргыз Республикасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчөлүгүнүн алкагында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте экономикалык жана финансылык кызматташуу боюнча ишти жүргүзүүдө.  

Азыркы учурда төмөнкү маселелер боюнча иш жүргүзүлүүдө

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин андан ары өнүктүрүү концепциясы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы; 

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин 2030-жылга чейинки мезгилде экономикалык өнүктүрүү стратегиясы; 

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, уюштуруу, ишкердикти жүргүзүү жана инвестициялоо жөнүндө макулдашуу; 

- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин банктык жөнгө салуу жана көзөмөл чөйрөсүндө ар жылдык маалыматты салыштырууда катышуу. 

 

Мамлекеттер аралык банк 

Бишкек шаарында 1992-жылдын 9-октябрында кабыл алынган Мыйзамдуу төлөм каражаты катары орус рублин сактап калган мамлекеттердин бирдиктүү акча системасы жана макулдашылган акча-кредит жана валюта саясаты жөнүндө макулдашууга жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимине ылайык 1993-жылы Мамлекеттер аралык банк (МГБ) уюштурулган. 1994-жылы Кыргыз Республикасы бул Мамлекеттер аралык банктын тең укуктуу катышуучусу катары катталган. 

Мамлекеттер аралык банктын иш максаты төмөнкүлөр: 

- Улуттук валюталарда чек арадан тышкары төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эсептешүү механизми аркылуу КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциялануусуна жана улуттук экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү

- КМШ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүргүзүү операцияларын улуттук валюталарда кредиттөө

- мамлекеттер аралык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууда катышуу.