Дүйнөлүк банктын тобу менен кызматташуу 

 

Дүйнөлүк банктын тобу бул өз ишин өнүгүүнүн бардык негизги тармактарында жүргүзгөн эл аралык финансылык институт. Дүйнөлүк банктын тобу жана Кыргыз Республикасы ортосунда түзүлгөн 2019-2022-жылдары өнөктөшүү тууралуу алкактык программага ылайык, Дүйнөлүк банктын негизги иш максаты болуп, кыймылдатуучу күч боло турган жеке сектордун экспортко багытталган, диверсификациялуу, инклюзивдүү жана туруктуу өсүшүнө көмөктөшүү саналат. 

Азыркы учурда Улуттук банк Дүйнөлүк банк менен биргеликте Кыргыз Республикасында финансы секторун өнүктүрүүгө техникалык көмөктөшүү долбоорун ишке ашырууда, ал 2018-жылдын 1-январында башталып, 2021-жылдын 31-декабрында аяктайт. 

Бул долбоордун максаты: (1) финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө боюнча ченемдик базаны чыңдоо жолу менен финансы секторунун туруктуулугун жогорулатуу; (2) финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу.  

2021-жылдын 23-мартынан 30-апрели аралыгында Дүйнөлүк банктын адистер тобу экономикалык маселелер боюнча Швейцария мамлекеттик катчылыгы тарабынан каржыланган финансы секторун өнүктүрүү (SECO) долбоору боюнча техникалык жардамдын алкагында видеоконференция форматында техникалык жардам берүү боюнча миссиясын өткөрдү