Ачык консультацияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштардын жана жооптордун РЕЕСТРИ 2021-жылдын 7-июнундагы ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык отчеттордун колдонуудагы формаларын жана банктардын финансы отчетторун ачып көрсөтүү боюнча талаптарды өркүндөтүү маселеси боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо жөнүндө билдирүү 

 

Сунуштардын жана жооптордун  

РЕЕСТРИ 

(2021-жылдын 7-июнундагы ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнүн алкагында сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча)  

 

Каттоо № 

Автор (ачык консультациялардын катышуучусу)  

Алынган күн  

Сын-пикирлер жана (же) сунуштар 

Иштеп чыккан органдын позициясы  

№1 

«Оптима Банк» ААК 

2021-жылдын 22-июну 

Финансылык отчетто резервдердин өлчөмүн ачып көрсөтүү жагында тактоолорго байланыштуу: 

1. Финансылык отчетту Улуттук банктын жана ФОЭС 9 стандарттары боюнча ар айлык негизде, Улуттук банктын стандарты боюнча 10 календарлык күндүн ичинде, ал эми ФОЭС 9 стандарты боюнча 15 календарлык күн ичинде жайгаштыруу мөөнөттөрү менен банктын сайтына жарыялоо; 

2. ФОЭС 9 стандарты боюнча финансылык отчетту ар айлык негизде жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, чейрек сайын же жарым жылдык негизде жайгаштыруу. 

3. 2022-жылдын январынан тартып бардык коммерциялык банктар финансылык отчетту ФОЭС 9 стандарты боюнча ар айлык негизде тапшырууга өтүүгө тийиш.  

Сунуш кабыл алынган жок.  

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө» жобонун 2-пунктуна ылайык, банктардын финансылык отчеттуулугу банктын финансылык абалын, анын ишинин финансылык жыйынтыктарын жана акча каражаттарынын жылышын объективдүү түрдө берүүгө жана ал Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш.